Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күн мурун, 16-мартта Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Аталган аймактагы М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына өткөн.
