Бишкекте окуучу мектепке "перцовый баллон" алып келген, эки бала ооруканага түштү
27 февраль

Бишкекте окуучу мектепке "перцовый баллон" алып келген, эки бала ооруканага түштү

Бишкектеги мектептердин биринде бүгүн, 27-февралда окуучулардын  биринин чөнтөгүнөн "перцовый баллон" түшүп, ал бөлмөгө чачылган окуя катталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мектеп жетекчилиги тез жардам кызматын чакырып, эки бала ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери келип, тыюу салынган буюмду алып келген ата-энелерге жана балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Урматтуу ата-энелер! Дагы бир жолу сиздерден балдарыңыздын мектеп баштыктары  менен чөнтөктөрүнүн ичиндегилерди кылдаттык менен текшерип, көзөмөлгө алып, кооптуу нерселерди сактоонун жана колдонуунун кесепеттерин түшүндүрүп, алардын жүрүм-турумуна көз салууну суранабыз. Мыйзам бузуулар кайталанган учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.