Окуу сапатына канааттанбаган студенттер окутуучулардын үстүнөн арыздана алышат
3 апрель

Окуу сапатына канааттанбаган студенттер окутуучулардын үстүнөн арыздана алышат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев студенттердин көйгөйүн көтөрдү. Айтымында, ага айрым студенттер кайрылышып, билим берүү сапатынын начар экенин айтышкан.

Депутат КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевге кайрылды:

«Студенттер сабакты абдан начар берип жатышат деп айтышууда. Алар бул маселеде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча силерге кайрыла алабы?».

Женалы Орозбаев бул суроого: «Болот», – деп жооп берди.

Ошондой эле, ал үйлөрдү сапатсыз курган же кандайдыр бир кемчилик кетирген курулуш компанияларына карата ошол үйлөрдүн жашоочулары да арыздана алса болоорун, алардын арызы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында каралаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Электрондук соода жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды.