Бишкектеги мектеп жана бала бакчалар эки күнгө онлайн форматка өтөт
Бишкектеги мектептер 12-13-март күндөрү онлайн форматка өтөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Бала бакчалар да иштебейт, бирок аларда нөөмөт топтору уюштурулат.
Белгилей кетсек, 12-13-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
