Ош шаарындагы Гагарин мектеби капиталдык оңдоодон кийин ачылды
2 декабрь

Ош шаарындагы Гагарин мектеби капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарындагы Ю. Гагарин атындагы мектеп толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жаңыртылган билим уясынын ачылышына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев катышты.

Билим берүү мекемесинин ремонт иштерине республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүндү.

Эки кабаттуу мектептин ичи, сырты актап-сырдалып, чатыры жаңыланып, окуу бөлмөлөрү толугу менен оңдолду. Спорт зал, ашкана, ажатканаларынан бери жаңыланды.

Ошондой эле парта, отургуч жана башка керектүү жабдуулар толугу менен жаңыларына алмаштырылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.