Оштогу Сары-Зоо участкасында заманбап мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
13 май

Оштогу Сары-Зоо участкасында заманбап мектеп курулууда

Ош шаарынын Сары-Зоо участкасында жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган.

Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат. Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар жана курулуш нормалары так сакталууда. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү көзөмөлдөн өткөрүлөт.

Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70 куруучу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашык окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы мектеп тартыштыгын жоюп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.