Баткен шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
17 март

Баткен шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулат

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Ак-Өрүк участкасына 375 орундуу заманбап мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Мектептин курулушу Дүйнөлүк Банк менен КР министрлер кабинетинин ортосундагы кызматташуу жаатында кол коюлган макулдашуулардын алкагында АРИС уюму тарабынан ишке ашырылат.

Учурда мектептин долбоорлоо жана документтештирүү иштери аяктап, тендерге берилген.

Мектептин айланасында кичи футбол аянтчасы жана баскетбол аянтчалары да каралган.

Быйыл мектептин курулушу башталып, келерки жылга пайдаланууга берилүүсү күтүлөт.

Мектеп бир нөөмөттө 375 окуучуга ылайыкташтырылган. Эки нөөмөттө 700дөн ашуун окуучу билим алса болот.