Алай районунда 50 орундуу жаңы бала бакча курулду
Алай районунун К. Белекбаев атындагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Чий-Талаа айылындагы 50 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 460 чарчы метрден ашык жерге тик бурчтуу формадагы имарат курулуп, ички жана тышкы жасалгалоо иштери аткарылып, көлөкө чатырлары (навес) орнотулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө иштер толугу менен аяктап, объект эксплуатацияга даяр.
