Жусупбекова: Мындан ары окуучулар 12-классты кайсы кесиптин ээси болоорун так билип аякташат
Депутат Табылды Муратбеков социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында мектептерде билим берүүдөн тышкары окуучуларга келечек кесибин тандоо боюнча кандай иш чаралар өткөрүлөөрүнө кызыкты.
«Кыргыз билим берүүдөгү көптөгөн көйгөйлөрдүн дагы бири – кесип тандоо маселеси. Муну моюнга ала бербейбиз, бирок Кыргызстандагы кадрдык кризис же мыкты адистердин жоктугу так ушул кесипти туура эмес тандап алуунун жыйынтыгы болуп жатат. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына кесип тандоо боюнча багыт берилеби?» – деди депутат.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, быйыл өлкө боюнча 9-классты 135 миң, 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады.
«Биз муну моюнга алабыз – кесип тандоону комплекстүү жана эрте баштоо керек экен. Буга чейин кесип тандоо боюнча материалдар класстык иштерге кошулчу жана бир нече предметтин ичине интеграцияланчу. Системалуу же илимий жактан киргизилген эмес болчу, жаңы программа боюнча бул камтылды», – деди ал.
Депутат мындай иш чаралар аздык кылаарын, окуучуларга кесип тандоого шарт түзүү билим берүү системасынын милдети экенин белгилеп, өзү дагы бир убактарда 11-классты кайсы кесиптин ээси болоорун билбей бүткөнүн эстеди.
«Бул системанын катасы. 11 жыл мектепте окуп, кайсы адис болооруңду билбей жатсаң, системанын кереги барбы?» – деди Муратбеков.
«Жаңы стандарт жана программа кабыл алдык. Ага ылайык, 1-класстан 6-класска чейин башталгыч класс болот, андан кийин 7-9-класстарда окуучулардын жөндөмүн аныктоо башталат. Бул үчүн атайын программалар киргизилди. Бишкекте айрым мектептерди тандап алып, пилоттон өткөрдүк. Ортоңку звенодо окуучунун жөндөмүн аныктап алгандан кийин, 10-11-12-класстарда бардык предметти окуй беришпейт, жөндөмүнө, ыктаган кесибине жараша билим алышат, аларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилет», – деди жооп иретинде Жусупбекова.
