Мамашова Бишкектеги атайылыштырылган бала бакчаларга 500 доллар пара берип, дени сак балдарын орноштургандар көбөйгөнүн айтты
19 май

Мамашова Бишкектеги атайылыштырылган бала бакчаларга 500 доллар пара берип, дени сак балдарын орноштургандар көбөйгөнүн айтты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдиргендей, Бишкектеги ден соолугунан көйгөйү бар балдар үчүн ачылган бала бакчалардын тарбиялануучуларынын 70 пайызы дени сак балдар.

«500 доллар пара берип балдарын атайылыштырылган бала бакчаларга жайгаштырган ата-энелер абдан көп. Ал жакка психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын (ПМПК)  корутундусу аркылуу гана бала кабыл алууга болот. Өзгөчө балдар гана атайылыштырылган бала бакчаларга баруусу керек, пара менен жайгаштырууну токтотуу зарыл», – деди Айсулуу Мамашова.

Ошондой эле ал мындай бала бакчалардын каалаганын текшерип көрүшсө, тарбиялануучуларынын 70 пайызы айрым тамгаларды гана так айта албаган дени сак балдар болуп чыгаарын белгиледи.

«Ушул себеп үчүн эле атайылыштырылган бала бакчаларга кабыл ала берүүгө болбойт. Анткени, бул мекемелер чындап жардамга муктаж балдар үчүн. Анткени, анда логопед, дефектолог ж.б. адистер иштейт», – деди депутат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева «атайылыштырылган бала бакчаларга текшерүү үзгүлтүксүз жасалаарын» белгиледи.

Айтымында, бардык балдар дарыгерлердин тастыктамасы менен кабыл алынат. Шаардык комиссия диагноз койбойт, ал болгону балдарды бала бакчаларга бөлөт.

«Эгерде сизде пара алуу фактылары болсо, бизге бериңиз. Биз сөзсүз түрдө укук коргоо органдарына өткөрөбүз», – деди вице-мэр.

Мамашова жооп иретинде майыптуулугу бар балдардын ата-энелеринен өтө көп даттануулар түшүп жатканын, ПМПК корутундусу менен балдарын бала бакчага орноткон ата-энелер тарбиялануучулардын 70 пайызын дени сак балдар түзөөрүн, ал эми комиссия келгенде баары «капысынан ооруп» калаарын, ошондуктан комиссия бир дагы дени сак баланы кезиктирбей турганын айтты.