Чаткалдын Терек-Сай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды
Күн мурун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Билим уясы 225 орунга ылайыкташкан.
Жаңы типтүү мектеп “Эти Бакыр Терексай” алтын өндүрүүчү компаниясынын каржылоосу менен курулуп, 171 млн сом акча каражаты жумшалат.
Курулушту тендер аркылуу уткан “Авангард Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коому аткарат.
