Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олмипиадада командалык эсепте I орунду ээледи
19 май

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олмипиадада командалык эсепте I орунду ээледи

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олмипиадада командалык эсепте I орунду ээледи. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10–17-майда быйыл биринчи жолу Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу Ачык Эл аралык Олимпиада өттү. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу мектеп окуучулары катышты.

Окуучулар үч баскычта күч сынашты: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар.

Кыргыз Республикасынын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.

Жекече жыйынтыктар:

  • Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль
  • Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль
  • Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль
  • Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль
  • Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль
  • Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль

Команданы даярдаган машыктыруучулар курамы:

  • Башкы машыктыруучу – Эльбрус Тажибаев
  • Башкы машыктыруучунун орун басары – Оксана Алексеевна Шубина
  • Олимпиадага даярдоо ишин жүргүзгөн – Olympiad League Academy командасы