Кыргызстандык окуучулар Эйлер атындагы олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти
Агартуу министрлиги
8 апрель

Кыргызстандык окуучулар Эйлер атындагы олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти

Кыргызстандык окуучулар 2026-жылдын 25-27-мартында Алматы шаарында өткөн Эйлер атындагы XVIII олимпиадада байгелүү орундарды багындырышты. Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын командасы төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти:

• I даражадагы диплом — Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби;

• II даражадагы диплом — Абдувалиев Бектен, International School of Kyrgyzstan (ISK);

• III даражадагы диплом — Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби;

• III даражадагы диплом — Иметов Алманбет, Купуев академиясы.

Кыргызстандык окуучулар Эйлер атындагы олимпиадага 2019-жылдан бери катышып келишет. 2026-жылы биринчи этапка 181 окуучу, экинчи этапка 74 окуучу катышып, финалдык этапка 9 окуучу өткөн.

Ар бир этапта катышуучуларга 8ден 10го чейин жазуу жүзүндөгү маселелерди чыгаруу сунушталган. Финалда кыргызстандык окуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүшүп, ар бири үчтөн кем эмес маселени чыгарган.

Команданын жетекчиси — Жолдубай уулу Бекжол.