Комитет КРСУнун кампусун куруунун шарттары тууралуу макулдашууну ратификациялоону жактырды
16 март

Комитет КРСУнун кампусун куруунун шарттары тууралуу макулдашууну ратификациялоону жактырды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борубашев тааныштырды.

Анын айтымында макулдашууда Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин эсебинен КРСУнун кампусунун объектилерин куруу, кыргыз тараптан 30 гектардан кем эмес аянттагы жер тилкесин бөлүп берүү, ошондой эле объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну камсыздоо каралган. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин заманбап кампусун түзүүгө багытталган. Кампус 15 000 студентке ылайыкталып, окуу корпустарын, жатакананы, медициналык кластерди, өндүрүштүк цикли менен ашканаларды, кошумча имараттарды жана курулмаларды кошкондо толук инженердик жана билим берүү инфраструктурасы менен камсыздалат.

Талкуу маалында депутат Салтанат Аманова келишимдин шарттары, анын ичинде курулуш материалдарын сатып алуу маселеси боюнча суроолорду узатты. Депутат Гүлшаркан Култаева жер тилкесинин макамы, окутуу стандарттары жана КРСУдагы бюджеттик орундардын саны тууралуу маселелерди көтөрдү. Депутат Болот Сагынаев КРСУнун бүтүрүүчүлөрүн Россия Федерациясында жумушка орноштуруунун механизмдери жана Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн дагы ушундай кампустарды куруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылды. Ал эми комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева КРСУнун кампусун курууга каралган каржылоо иши жана педагогикалык багыттагы адистерди даярдоо тууралуу маселелерге көңүл бурду.

Комитет ошондой эле «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.