«WorldSkills Kyrgyzstan» жумушчу кесиптеринин III чемпионатынын ачылыш аземи болду
2025-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жумушчу кесиптеринин үчүнчү улуттук «WorldSkills Kyrgyzstan» чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов быйыл кесиптик лицейлердин окуучулары бир катар эл аралык мелдештерге катышып, жогорку жетишкендиктерди көрсөткөнүн белгиледи.
Анын айтымында, Тайбэй шаарында өткөн WorldSkills Asia Taipei 2025 эл аралык чемпионатында «Ширетүү технологиясы» компетенциясы боюнча №28 кыргыз-орус кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү Мавланбек Исманов Кыргызстанды татыктуу деңгээлде таанытып, «Best of Nation» наамын алган.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын WorldSkills курама командасы алдыда Кытай Эл Республикасында өтө турган WorldSkills Shanghai 2026 эл аралык чемпионатына катыша турганын маалымдады.
«Эл аралык кесиптик компетенциялык сынактарга катышуу бүгүнкү күндө кадрларды даярдоонун заманбап стандарттарын киргизүүгө, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаштар арасында жумушчу кесиптерге болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт», – деди Альберт Махметкулов.
Мындан сырткары министрдин орун басары "WorldSkills Кыргызстан" коомдук фондуна, аталган кыймылды колдоп, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн, мелдештерди уюштурган жана эл аралык аянтчаларга катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
