10 миң сом айлык жана 900 миң сом карыз. Депутат Кочкор районундагы көйгөйдү көтөрдү
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы Жогорку Кеңештин жыйынында Кочкор районундагы 11 орто мектептин директорлорунун кайрылуусу тууралуу айтты.
Ал белгилегендей, Кочкор районунун 11 мектебинин директорлору депутка кайрылып, мамлекетке болгон карыздарын жөнгө салып берүүнү суранышкан.
“2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасы өткөргөн аудитте 11 мектептин чарбалыгы боюнча бухгалтерия отчет берген эмес деген жүйө менен 900 миң сомдон ашуун каражат мамлекетке төлөнүп берилсин деген корутунду чыгарылган. Айылдык мектептер бул сумманы кантип төлөшөт? Директорлордун айтымында, бардык каражат мектептин муктаждыгына кеткен, бирок бухгалтериядан өтпөй калган. Бухгалтериядан өткөрүү үчүн мисалы, трактор менен жерди айдатса, трактористтин патентин коюш керек же чек тиркелиш керек. Айылда кайсы патент жана кайсы чек?” – деди депутат.
Айтымында, ал бул маселени Агартуу министрлигине жеткирген. Бирок ал жактан “Министрлик Эсептөө палатасынын корутундусуна таасир этүүгө укуксуз” деген жооп келген.
“Таасир этсин деген эч ким жок. Бул маселени чогуу-чаран карап, жол табууга аракеттенишсе болбойбу. Же Өкмөттүн 2021-жылдын 16-февралындагы токтомуна өзгөртүү киргизүү керек. Менимче, мындай маселе бир гана Кочкордо эмес, республиканын бардык эле мектептеринде болсо керек”, – деди Таалайбек кызы.
Ошондой эле ал Кочкор районундагы Санитардык-эпидемиологиялык кызмат чарбалык эсепке өткөнүн, кызматкерлердин айлык акысы 10 миң сомдун тегерегинде болуп жатканын билдирди.
“10 миң сомдон Соцфондко жана салыкка алынгандан кийин колдоруна 5-6 миң сом тиет экен. Бул суммага жашоо өтө кыйын”, – деди ал.
