5-класстын окуучулары кыргыз тилден сынак тапшырышат, өтпөй калса 6-класска көчпөйт
14 апрель

5-класстын окуучулары кыргыз тилден сынак тапшырышат, өтпөй калса 6-класска көчпөйт

Кыргызстанда 5-классты аяктап 6-класска көчкөн окуучуларга кыргыз тилинен сынак тапшыруу милдеттендирилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, сынактан ийгиликтүү өтө албай калган окуучулар кийинки класска көчпөй калышы да мүмкүн.

Депутат Аида Исатбек кызы мындай талапты коркутуу катары кабыл алды. Ал окуучуларды класстан класска көчпөйсүң деген коркутуу менен сынак тапшыртуу мажбурлоо болуп калаарын белгиледи.

«Мажбурлоо эмес, стимул берүү. Биз мурда тапшырып жүргөндөй сынак эмес. Мисалы, бир чейрек бүткөндө ошол убакыт аралыгында эмне үйрөнгөнүн тастыктоо. Бала коркпой эле компьютер аркылуу кирип, өзүнүн деңгээлин аныктоо үчүн тест тапшырса болот», – деди орун басар.

Депутат министрдин орун басарынын бир сөзү экинчи сөзүнө карама каршы келип жатканын айтты.

«Азыр эле класстан класска көчүрүү сынагы деп айткан болчусуз. Кайра билим деңгээлин аныктоо максатындагы гана тест деп жатасыз. Эгерде ошол тесттен өтпөй калса эмне болот, ошону да айтыңыз», – деди.

Буга Жусупбекова баланы сынакка алдын ала даярдаша турганын билдирди.

 Аида Исатбек кызы класстан класска көчүрүүчү сынак каралган мыйзам долбоору кайра каралып чыгууга муктаж экенин айтты. Ошону менен катар Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлүнө кайрылып, учурда Бишкектеги мектептерге рейд жүрүп жатканын, анда бардык жазууларды кыргызчалоо талабы коюлганын билдирип, бул канчалык мыйзамдуу экенин сурады.

«Орус тилинде окуу жүргүзгөн мектептер бар, алар да кыргызча жазышы керекпи?» – деди.

Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлүнүн айтымында, мектепте кайсы тилде окуу жүрбөсүн, билим берүү мыйзамдарына, мамлекеттик тил боюнча мыйзамдарга ылайык, бардык жазуулар мамлекеттик тилде да жургүзүлүшү керек.

«Биз окутуу тилине кийгилишкен жокпуз. Бирок билим берүү мекемелеринде көрнөк же табличка болобу, баары мамлекеттик тилде да жазылышы керек», – деди ал.