Чоң-Алайдагы мектеп: депутат алыскы айылдын калкынын үнүн жеткирди
Депутат Бердиев Аккулу Жогорку Кеңештин жыйынында тоолуу Чоң-Алай районундагы көйгөйлөрдү көтөрдү.
Айтымында, Дароот-Коргон айылындагы орто мектеп мурдагы бир мекеменин имаратында жайгашкан. Ал башында 200 окуучуга ылайыкталса, учурда анда 2-3 эске көп бала билим алат.
“Өлкөдө жылына жүздөгөн мектептер курулууда. Азыр Кыргызстанда оор шарттагы мектеп имараттары дээрлик жок калды. Чоң-Алай тоолуу, алыскы район болгондуктан, ал жакта дагы деле начар абалдагы мектептер бар. Быйылкы жылдын планына аталган райондогу мектептерди киргизип койсоңуздар”, – деди ал президенттин жана МинКабдын парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Ошондой эле, ал белгилегендей, аталган райондун Ачык-Суу айылында 50 миллион сомго курулган суу түтүгү бир ай иштеп, жарактан чыгып калган.
“Бул долбоорду ким түзгөн, ким ишке ашырган, жоопкерчилик кимде – укук коргоо органдары тактап берсеңиздер. Эл суранып жатат. Бул Кыргызстандагы эң бийик тоолуу айылы. Деңиз деңгээлинен дээрлик 4 миң бийиктикте жайгашкан”, – деди депутат.
