Агартуу министрлиги менен Корея Республикасы окуу китептеги боюнча кызматташтык семинарын өткөрдү
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Корея Республикасынын ортосунда окуу китептери жана билим берүү контенти боюнча кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен семинар өттү.
Иш-чарага эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өкүлдөрү катышты.
Семинарды Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кванчже жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева ачып, билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанисин баса белгилешти.
Программада Кореянын билим берүү контентине байланыштуу бир катар баяндамалар сунушталды. Корея Республикасынын Билим берүү министрлигинин өкүлү Ян Чунхёк өлкөнүн окуу китеп саясаты жана мектеп программаларын жаңылоо багытындагы иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал эми Корея Фондунун STEAM, илим жана чыгармачылык боюнча изилдөөчүсү доктор Чон Хун STEM–AI билим берүүсүнүн өнүгүүсү жана санариптик контентти иштеп чыгуу боюнча корей тажрыйбасы менен бөлүштү.
Мындан тышкары, “Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, башкы редактор Данияр Ашымов, методист Үпөл Абдирашитова жана IT бөлүмүнүн жетекчиси Аида Бегалиева окуу материалдарын жаңылоо, санариптик ресурстарды өнүктүрүү жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.
Семинар панелдик талкуу менен жыйынтыкталып, тараптар мындан аркы кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана окуу китептерин санариптик форматта өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты.
