Бишкекте II Кыргызстан – Россия билим берүү форуму өтүүдө
23 сентябрь

Бишкекте II Кыргызстан – Россия билим берүү форуму өтүүдө

Бишкек шаарында бүгүн, 23–сентябрда II Россия–Кыргызстан билим берүү форумунун (РКБФ-2025) ачылышы өттү. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлашты. 

Форум эки өлкөнүн билим берүү, илим жана ишкердик тармактарынын өкүлдөрү үчүн диалог жүргүзүүчү негизги аянтча болуп саналат.

Иш-чараны Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Россотрудничество, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз–Россия Славян университети Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурду.

Форумда Россия менен Кыргызстандын университеттеринин экономика жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы, индустриялык өнөктөштөр менен практикалык кызматташуу талкууланды. Өзгөчө көңүл россия–кыргыз техникалык, медициналык жана агрардык жогорку окуу жайларынын консорциумдарына бурулду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, Россотрудничество уюмунун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин, жогорку окуу жайларынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында:

​•​тегерек столдор, дискуссиялык панелдер жана мастер-класстар;

​•​жаштардын стартап жана ишкердик долбоорлорунун презентациялары;

​•​билим берүү дипломатиясы, кадрларды даярдоодогу жаңы тенденциялар жана Кыргызстанда карьера курууда орус тилинин ролу боюнча талкуулар өттү.

Ошондой эле 80ден ашык уюмдун катышуусунда 20дан ашык семинарлар жана жолугушуулар өтүп жатат. Форумдун жыйынтыгында биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

24-сентябрда форумдун алкагында Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсү өтөт. Ага Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома, Красноярск, Омск жана башка шаарлардан 30дан ашык университет катышып, өзүнүн билим берүү программаларын сунуштайт.