Сузак районунда 375 орунга ылайыкталган метептин курулушу аяктап калды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Арзыкулов атындагы №52 жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылууда. Объекттин тендердик баасы 139 млн. сомду түзөт.
Мектеп үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, спорттук зал жана өтмө галерея. Долбоор боюнча 375 окуучуга ылайыкталган, китепкана, лаборатория, актовый зал, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө эмгек кабинеттери каралган.
Курулуш иштери КРнын Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Мектепти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
