Кыргызстанда күзгү каникул беш күнгө созулат
Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылындагы күзгү каникул 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин социалдык тармактардагы баракчаларында маалымдалды.
Каникул календардык эсеп менен беш күндү камтыйт. Бирок анын үч күнү гана — 11, 12 жана 13-ноябрь окуу күндөрүнө туура келет. Ал эми 14–15-ноябрь ишемби жана жекшемби күндөрү.
Окуучулар 16-ноябрда, дүйшөмбү күнү сабакка чыгышат.
Биринчи класстын окуучулары үчүн окуу жылынын ичинде кошумча эки жумалык, ал эми экинчи класстын окуучулары үчүн бир жумалык каникул каралган. Кошумча эс алуунун так мөөнөттөрүн климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары аныктайт.
Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
