Манас: 375 орундуу мектептин курулушундагы бетондун бекемдиги текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулуштагы сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Ак-Тилек конушунда курулуп жаткан 375 орундуу мектептин курулушунда бетондун бекемдиги текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер атайын жабдууларды колдонуу менен бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо боюнча сыноолорду жүргүздү. Ошондой эле аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук документтерге жана колдонуудагы курулуш ченемдерине шайкештиги текшерилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында алты билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат.
Курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын сапатына, ошондой эле долбоордук чечимдердин сакталышын көзөмөлдөө курулуштун бардык этаптарында жүргүзүлөт. Бул салынып жаткан объекттердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган.
