Кыргызстанда күрүчтүн орточо баасы 1,1% жогорулады
Кыргызстандын ар кайсы калктуу конуштарында орто данектүү күрүчтүн баасы эки эседен ашык айырмаланат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 24-июлга карата эң арзан баа Жумгал районунун Чаек айылында катталган – 1 килограммы 90 сом.
Манас районунун Семетей айылында күрүчтүн орточо баасы 92,3 сомду, Раззаков шаарында 106,3 сомду, Токмокто 112,6 сомду, Таласта 116,2 сомду түзгөн.
Эң кымбат орто данектүү күрүч Кара-Суу шаарында сатылган – 1 килограммы 182,4 сом. Ноокатта анын баасы 180 сомду, Манас айылында 167 сомду, Баткенде 160,9 сомду түзгөн.
Бишкекте күрүчтүн орточо баасы 1 килограммына 156,1 сом болсо, Караколдо 156,3 сом болгон.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча орто данектүү күрүчтүн орточо баасы 1 килограммына 146,6 сомду түзүп, июнь айындагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу болжол менен 1,1% жогорулаган.
