Авиньон фестивалында Кыргызстандын маданияты талкууланды
26 июль

Авиньон фестивалында Кыргызстандын маданияты талкууланды

Франция Республикасынын Авиньон шаарында 13-25-июлга чейин өтүп жаткан «Avignon Off 2026» эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага театр таануучулар, маданият тармагынын адистери, фестивалдын уюштуруучулары жана эл аралык эксперттер катышып, кыргыз театр искусствосунун тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча кеңири пикир алышты. Талкуунун жүрүшүндө кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлде жайылтуу, чыгармачыл кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаш театр ишмерлерин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, «Avignon Off» фестивалынын дирекциясынын вице-президенти Арольд Давид менен жолугушуу өтүп, келерки жылы фестивалга Кыргызстандын атынан эки-үч спектакль менен катышуу мүмкүнчүлүгү жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз театр искусствосун эл аралык аренада кеңири таанытууга жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.