Кыргызстандык окуучулар IMO эл аралык математика олимпиадасында беш медаль жеңди
2026-жылдын 10–21-июль күндөрү Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөн 67-Эл аралык математика олимпиадасына (IMO) катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Дүйнөдөгү эң абройлуу эл аралык математика олимпиадаларынын бири болгон бул таймашка 117 өлкөдөн 666 окуучу катышты. IMO олимпиадасына катышуу – математикалык даярдыктын жогорку деңгээлин тастыктаган чоң жетишкендик. Кыргызстандын курама командасы Математика боюнча улуттук олимпиаданын IV этабынын жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн.
Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын беш мүчөсү медаль жеңип алып, дагы бир катышуучу Ардак грамотага татыктуу болду.
Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыктары:
- Акимов Ариет - күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
- Саят Арлан - күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
- Бобрус Ян - күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу.
- Мусаходжаев Султан - коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу.
- Акенеев Тимур - коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
- Абдувалиев Бектен - Ардак грамота, «Силк Роуд Эдюкейшн» (ISK) мектебинин 8-классынын окуучусу.
Команданын жетекчилери: Ишматов Мамат жана Жолдубай уулу Бекжол.
Кыргызстан бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышып келет. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн куржунунда 27 медаль бар. Алардын 14ү (1 алтын, 8 күмүш жана 5 коло медаль) акыркы үч жыл ичинде жеңип алынган.
Быйылкы олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 35-орунду ээлеп, үчүнчү жыл катары менен дүйнөнүн эң күчтүү 40 командасынын катарына кирди.
Эл аралык математика олимпиадасы (IMO) - мектеп окуучулары арасындагы математика боюнча дүйнө чемпионаты. Биринчи олимпиада 1959-жылы Румынияда жети өлкөнүн катышуусунда өткөн. Акыркы жылдары IMOго дүйнөнүн беш континентинен 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышып келет.
