Талас районуна караштуу Ак-Жар айылында мектепке кошумча коркус курулууда 
4 июль

Талас районуна караштуу Ак-Жар айылында мектепке кошумча коркус курулууда 

Талас облусунун Талас районуна караштуу Ак-Жар айылында А. Султанбеков атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус эки кабаттуу, 150 окуучу орунга ылайыкталган.

Мектеп окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана сапаттуу билим берүү максатында бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалат.