Кыргызстан 2025-жылы жаңы окуу китептерин чыгарууга 744 миллион сом бөлдү
2025-жылы мамлекет мектептерге жаңы окуу китептерин чыгарууга 744 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу КР агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Планга ылайык, бардык класстар үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин толук курамын чыгаруу 2028-жылы аяктайт.
Бүгүнкү күндө 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча 1 262 420 нуска окуу китеби 272,7 миллион сомго чыгарылды.
Улуу Британиянын Элчилигинин колдоосу менен кошумча 158 700 нуска дээрлик 25 миллион сомго басылган.
1-,2-,5- жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу окуу китептеринин экспертизасы аяктоо алдында турат.
Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери аталган класстарга ылайыкталууда.
Билим берүү реформасы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында ишке ашырылып жатат. Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилип, 38 предметтик стандарт жаңыртылган, заманбап программалар жана окуу-методикалык комплекстер (ОКМ) иштелип чыгууда.
"Мугалимдер практикага багытталган жаңы технологияларды, өзгөчө STEM-программаларынын алкагында өздөштүрүүдө. Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили сабактарына басым жасалды", – деп баса белгиледи Жусупбекова.
Жаңы ОКМ окуу китептерин гана эмес, ошондой эле критикалык ой жүгүртүүнү жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган иш китептерин, аудио жана видеоматериалдарды, окуу куралдарын да камтыйт. Бардык материалдар улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык келет.
