Мэр “Жетиген” мектебинде түзүлгөн шарттар менен таанышты
28 январь

Мэр “Жетиген” мектебинде түзүлгөн шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте “Жетиген” жалпы билим берүү мекемесинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.

Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.