Мектептерде орун жетишсиздиги айылдарда да кездешет, – депутат Үч-Коргон айылындагы абалды айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районундагы 26 миңден ашуун үй-бүлө жашаган айылда мектепте орун тартыш боло баштаганын билдирди.
Айтымында, Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын саны барган сайын өсүүдө. Бул жакшы көрүнүш болгону менен ага ылайык, суроо-талап да көбөйүп баратат. Биринчи кезекте – мектептерге.
“Айылдагы мектеп эскирген, орун чектелүү. А айылдын калкы өсүп жаткандыктан, окуучулардын да саны көбөйүп, мектептин баарын кабыл алууга чама-чаркы жетпей калды. Мектеп жашындагы балдар билим алуу үчүн 5-6 чакырым алыстыктагы коңшу айылдарга каттоого аргасыз”, – деди депутат.
Ал белгилегендей, айылда жаңы мектеп курууга 1 гектар 42 сотых жер бөлүнгөн, бирок мектептин курулушу башталышы үчүн республикалык долбоорго кирбей келет. Депутат тийиштүү тараптардан бул маселеге көңүл бурууну өтүндү.
Ошондой эле депутат мамлекеттик кызматтар депутаттардын кайрылууларына формалдуу гана жооп берүү менен гана чектелип жатышканын билдирди.
“Жакында Үч-Коргон айылына окуучуларды ташыганга транспорт керек деп айткам. Жалал-Абад администрациясынан кат келиптир, анда транспорт менен камсыздоо жергиликтүү бийликтин милдети экенин белгилешиптир. Жергиликтүү бийликтин күчү жетпей жаткандыктан, биз, депутаттар маселени бул жакка чыгарып жатабыз да. Формалуу жооп берүүнү токтотсоңуздар”, – деди депутат.
