Бишкекте малайзиялык университет менен Кыргызстандык ЖОЖдордун кызматташтыгы талкууланды
22 октябрь

Бишкекте малайзиялык университет менен Кыргызстандык ЖОЖдордун кызматташтыгы талкууланды

Бишкекте 21-октябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу элчи жана Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Сайед Хуссейн Аль-Хабши жетектеген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин делегациясы менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар билим берүү жаатында кызматташуу багыттарын, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары кыргызстандык ЖОЖдор менен өнөктөш болуу, академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, студенттерди алмашуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерине көбүрөөк көңүл бөлүштү.

Белгилей кетсек, 1983-жылы негизделген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинде (International Islamic University Malaysia) 24 миңден ашуун студент бар, алардын ичинен 6 миңге жакыны – чет өлкөлүктөр.