Өзгөн районунда 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулууда
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Прогресс айылында 150 окуучуга ылайыкталган Т. Орозов атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуштун тендердик баасы 79 миллион сомду түзөт.
Мектеп Г-түрүндө курулуп, үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Окуу класстарынан тышкары, китепкана, дарыгердин кабинети, ашкана жана актовый зал каралган. Бул шарттар окуучулар үчүн ыңгайлуу билим алуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Учурда мектептин курулушу 60%га бүткөрүлүп, иштер белгиленген график боюнча уланууда.
