Жаңы окуу жылына даярдык маселеси каралды
Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйында 2026–2027-окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы жана жаңы окуу жылын талапка ылайык баштоо маселелери каралды.
Күн тартибине ылайык, баяндамачылар тарабынан билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы, утурумдук оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы, окуу-тарбия процессин уюштуруу, ошондой эле Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2026–2027-окуу жылына карата жылдык иш-чаралар планын бекитүү боюнча маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.
Маалыматтарга ылайык, шаардагы мектеп, бала бакчалардын басымдуу бөлүгү жаңы окуу жылына даярдалып, утурумдук оңдоп-түзөө иштери талапка ылайык жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда айрым мектептерде жана бала бакчаларда кемчиликтер да аныкталган. Кемчиликтерге жол берген билим берүү мекемелеринин жетекчилерине карата тартиптик чара көрүү боюнча сунуштар айтылды.
Мындан сырткары, жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүп, билим берүү мекемелерин уюштурууда жана окуу-тарбия процессин жакшыртууда өзгөчө аракет жасаган мугалимдерди сыйлоо маселеси да белгиленди.
Кошумчалай кетсек, Манас шаарында 29 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен №5, №29, №27 орто мектептери 15-сентябрдан убактылуу онлайн режимде иштейт.
