Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылды
16 октябрь

Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылды

Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылында 15-октябрда 50 орундуу “Таш-Арык” жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ачылыш аземге Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Таза-Көмүр” ЖЧКсы тарабынан каржыланып бүткөрүлдү. Жаңы бакча бир кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн.

Сыртында оюн аянтчалар жана көлөкө чатырлар жайгашкан.