Басмаканадан 2-класстар үчүн математика боюнча окуу-методикалык комплекстер кабыл алынды
28 октябрь

Басмаканадан 2-класстар үчүн математика боюнча окуу-методикалык комплекстер кабыл алынды

27-октябрда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан математика боюнча окуу-методикалык комплекстерди кабыл алды.

Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.

Учурда 2-класстар үчүн табигый илимдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иштери башталды.