Токтогулда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу менен таанышты.
Аталган мектеп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.
Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.
Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.
