Жогорку Кеңеш «КРнын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды
26 февраль

Жогорку Кеңеш «КРнын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев белгилегендей, мыйзам долбоору менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн багыттарын координациялоо функцияларын киргизүү жана УИАнын президенти жетектеген илим чөйрөсүндөгү фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңешти түзүү демилгеленүүдө.

Муну менен катар координациялоо жаңы функциясына тиешелүү УИАнын максаттарына, милдеттерине, функцияларына толуктоолор киргизилүүдө. Ошондой эле УИАнын статусуна ылайык жана анын  ишинин илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу негизги максатын эске алуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин илимий, илимий-техникалык натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, баа берүү, өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун илимий негиздемеси, илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо, ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу, илимдин денгээли жөнүндө улуттук доклад даярдоо боюнча академиянын милдеттери кеңейтилүүдө.

Талкуу учурунда депутат Эльвира Сурабалдиева УИАга мыкты жаш кадрларды тартуу, шаардагы иретсиз курулуштар боюнча академиктерди сунуш-пикирлерин берүүгө үндөдү. Депутат Дастанбек Жумабеков Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусун жогорулатуу, жетиштүү денгээлде каржылоо маселелерине көңүл бурду. Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоого алып, бардык илимпоздорду камсыздоо менен коомдук угуу өткөрүү сунушун берди. Муну менен катар депутат УИАнын түштүк аймактык бөлүмүн камтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.  Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев өлкөдө балчылык тармагын өнүктүрүү максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү талабын айтты. Эл өкүлү Надира Нарматова УИАга татыктуу кадрларды тартуу, анын алдындагы институттардын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана бардык мүчө академиктердин мыйзам долбоору боюнча пикирлерин эске алуу жагдайын белгиледи.