Ош мэриясы
1 май
Ошто «Ала-Тоо жазы» фестивалы жыйынтыкталды
Ош шаарында 30-апрелде салттуу «Ала-Тоо жазы» фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, жаштардын маданиятын жана чыгармачылыгын колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Фестивалга өлкөнүн жогорку окуу жайларынан, институттарынан жана колледждеринен келген 14 команда катышып, ар кандай чыгармачыл номерлерди тартуулашты.
