Кыргыз жаштары Германияда техникалык билим жана тажрыйба алып жатышат
26 февраль

Кыргыз жаштары Германияда техникалык билим жана тажрыйба алып жатышат

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Janser Consult GmbH компаниясынын директору Роман Серебрянский жолукту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 21-февралда Магдебург шаарында өткөн. 

Жолугушууга Саксония-Анхальт федералдык аймагындагы ар кандай немис компанияларында техникалык тармактарда иштеген кыргыз жаштарынын өкүлдөрү катышты.

2022-жылдан бери Германиялык “Janser Consult GmbH” компаниясы Кыргызстандык орто техникалык адистерди Германияда окутуу жана кийин аларды Германияда ишке орноштуруу маселеси боюнча Кыргызстан менен кызматташып келет.

Элчи Ө.Текебаев Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча германиялык тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, кыргызстандык жаштардын Германияда алган билимин жана тажрыйбасын Кыргызстанда кийин колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Германияда жашоо жана иштөө маселелери боюнча пикир алмаша алышты.