Билим берүү министри Чолпон-Атадагы “Акылман” лицейинен кабар алды
26 февраль

Билим берүү министри Чолпон-Атадагы “Акылман” лицейинен кабар алды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 25-февралда Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейине барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, министр лицейдин Көзөмөлчүлөр кеңешинин айрым мүчөлөрү менен бирге лицейди кыдырып, билим берүү процессинин уюштурулушу, педагогикалык жамааттын ишмердиги, окуу жайдагы жаңылыктар жана жетишкендиктер менен жеринен таанышты.

Иш сапарынын соңунда ДКендирбаева лицейдин окуучулары даярдаган “Китеп дүйнөсүнө саякат” концерттик программасына күбө болду.