Агартуу министрлиги: 50 миңден ашуун педагог жаңы программа боюнча окуудан өттү
Өлкөдөгү орто мектептерде 2024-2025-окуу жылында 93 696 мугалим иштейт, анын 87 385и мамлекеттик мектептерде. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 10-июнда маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, Кыргызстан мектептердеги билим берүү системасын модернизациялоону улантууда. Министрлик 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, программаларды жаңылоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган «Алтын казык» улуттук программасынын ишке ашышы тууралуу маалымат берди.
Жылдын маанилүү багыты 12 жылдык билим берүүгө өтүү болду, бул реформанын борбордук элементи болуп саналат.
Жыл ичинде негизги нормативдик документтер аныкталган:
- 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн концепциясы;
- жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты;
- жаңыланган предметтик стандарттар жана окуу программалары.
Анын негизинде 2025-2026-окуу жылында:
- 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барышат;
- мектепке карата даярдыктан өткөн балдар дароо 2-класска отурушат;
- 5- жана 7-класстар жаңы программа жана окуу китептери боюнча билим алууга өтүшөт.
Мугалимдерди масштабдуу кайра даярдоо дагы бир приоритетке айланды. Жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн:
- 80 мастер-машыктыруучулар дээрлик 16 000 педагогду STEM-багыты боюнча окутушту;
- 37 000ден ашуун мугалим башка предметтер боюнча квалификациясын жогорулатты.
“Биз бүгүнкү күндө башталып жаткан системалык өзгөрүүлөр эртең ар бир баланын сапаттуу билим алуусунун өзөгү болуп берээрине ишенебиз”, - деп белгиледи Жусупбекова.
