Мэр Г.Айтиев атындагы балдардын атайын орто көркөм-сүрөт мектебинин таланттуу окуучуларына өзүнүн белегин тапшырды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Гапар Айтиев атындагы балдардын атайын орто көркөм-сүрөт мектебинин таланттуу окуучуларына өзүнүн белектерин тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, шаар мэри жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен жеринен таанышты.
Ошондой эле жолугушууга катышкан ата-энелер менен пикир алышып, аталган көркөм-сүрөт мектебинин имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөрүн белдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы аталган көркөм-сүрөт мектебинин абалы менен таанышуу учурунда таланттуу окуучуларды колдоо иретинде жеке өзүнүн атынан белек тапшырарын убадалап, окуу жайды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгын билдирген.
