3 январь

Россиянын чыгармачылык ЖОЖдору Кыргызстандан абитуриенттерди күтүүдө

Россия кызматташтыгы (Россотрудничество) 2025/26-окуу жылында Россиянын Өкмөтүнүн квоталары боюнча Россиянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн документтерди кабыл алууну улантууда.

Жаңы окуу жылында Кыргызстанга Россия Өкмөтүнүн 700 квотасы бөлүнгөн, алар Россиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик, башкача айтканда, студент үчүн акысыз орундарда билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Алардын ичинен 20 орун Россиянын Маданият министрлигинин ЖОЖдорунда жана 16 орун - Спорт министрлигинин ЖОЖдорунда. Кеп мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшыра ала турган бакалавриат жана адистик программалары, ошондой эле ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн магистратура, аспирантура, ассистентура-стажировка жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө болуп жатат.

Кыргызстандын аймагынан чыкпай эле Россиянын ЖОЖуна тапшыруу мүмкүнчүлүгү квота менен кабыл алуунун эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Документтерди тапшыруу жана кирүү сынактары https://education-in-russia.com сайтында онлайн режиминде жүргүзүлүүдө.

Абитуриентти кызыктырган адистик боюнча бир эле учурда алты ЖОЖго тапшыруу үчүн арыз берүүгө болот.

Арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлөт. Жайды күтүүнүн кажети жок, документтерди азыртадан даярдап, тапшыруу керек! Азыр мектепте 11-класста же колледж/окуу жайдын, бакалавриат/адистик, магистратуранын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар үчүн азыр арыз бергенде алардан аттестат же диплом талап кылынбайт (анткени бул документтер жайында гана болот).

Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандар 2025-жылдын 15-январына чейин https://education-in-russia.com. сайтында катталып, даярдоо багытын жана адистикти тандап, керектүү документтерди жүктөшү кажет. Бул сайттан билим берүү мекемелери, билим берүү программалары жана шаарлар жөнүндө кеңири маалымат тапса болот.

Кыргызстандын тургундарынын Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруусу тууралуу кошумча маалыматты Бишкектеги Орус үйүнүн билим берүү бөлүмүнүн сайтынан https://uchebarf.kg жана Россия кызматташтыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактарынан: https://taplink.cc/rushouse_bishkek. тапса болот.

Консультациялар. Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги Орус үйүндө (Эркиндик бул., 2/1) ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дө консультацияларды өткөрөт. Оффлайн-консультацияларга кирүү акысыз, каттоо талап кылынбайт.

Онлайн-байланышка шилтеме: https://my.mts-link.ru/j/82442073/634567707 . Бардык суроолор боюнча +996 (312) 30-05-43 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууну суранабыз.