Билим алууга эч качан кеч эмес. ОшМУнун 88 жаштагы студенти Мамат Кулматов окуусун аяктады
Мамат Кулматов – бардык муундар үчүн шыктандыруучу үлгү. Ал 88 жаш курагында Ош мамлекеттик университетин фармацевтика адистиги боюнча ийгиликтүү аяктап, колуна диплом алды.
Кулматов 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш кезинде айыл-чарба техникумунда окуп, аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.
ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырган. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгон.
"Билим алууга эч качан кеч эмес", - дейт Мамат Кулматов.
