«Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктер берилиши мүмкүн
www
3 март

«Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктер берилиши мүмкүн

Комитет жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Демилгечилер – депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев.

Депутат Медер Чотоновдун айтымында, токтом долбоорунун максаты:

  • Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу,
  • билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу,
  • жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу,
  • үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо,
  • Кыргыз Республикасынын демографиялык өсүүсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.