Ош шаарындагы Нариман мектеби жакында толук пайдаланууга берилет
28 январь

Ош шаарындагы Нариман мектеби жакында толук пайдаланууга берилет

Манас-Ата аймактык башкармалыгында жайгашкан Нариман атындагы билим берүү мекемесинде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-январда калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев курулуш иштеринен кабар алган.

Аталган билим берүү мекемеси шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, имараттын сырткы фасады, терезелери жана эшиктери толугу менен жаңыланды.

Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.