Министр Бактияр Орозов Египетте билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолукту
8 ноябрь

Министр Бактияр Орозов Египетте билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын делегациясынын Египет Араб Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов Египеттин бир катар жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолукту.

Жолугушуу учурунда министр студенттердин билим алуу жана жашоо шарттары менен таанышып, алардын ойлору менен сунуштарын, ошондой эле окуу процессиндеги өзгөчөлүктөр жана учурдагы көйгөйлөрун укту.

Студенттер өздөрүнүн билим алуу тажрыйбалары, ар кандай академиялык жана маданий иш-чараларга катышуусу, ошондой эле Египеттеги кыргыз жаштарынын жашоосу жана коомдук ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Министр Бактияр Орозов студенттерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу кол коюлган Келишим боюнча маалымат берди.

Ал бул документ эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга жана илимий байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.