Маданият министрлиги ГИТИСТе окуган Кыргызстандык студенттердин жатакана маселеси боюнча маалымат
16 сентябрь

Маданият министрлиги ГИТИСТе окуган Кыргызстандык студенттердин жатакана маселеси боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Россия театр искусствосу институтунда — ГИТИСТе билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуусуна байланыштуу жатакананы оңдоо мезгилинде студенттердин мындан ары жашоо маселесин жөнгө салуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдайт.

Учурда Министрлик оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде кыргызстандык студенттерди тийиштүү жашоо шарттары менен камсыз кылуу жана аларды убактылуу жайгаштырууга байланыштуу маселелерди чечүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүүдө.

Министрлик студенттер менен туруктуу байланышта болуп, түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгууда.

ГИТИСТе билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин мындан аркы жашоо маселеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин жеке көзөмөлүндө.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет.