МинКаб мектептерге гимназия жана лицей макамын кайтарып берүүгө каршы. Эмнеге? 
22 сентябрь

МинКаб мектептерге гимназия жана лицей макамын кайтарып берүүгө каршы. Эмнеге? 

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинети өлкөдөгү мектептерге гимназия жана лицей статусун кайтарып берүүнү демилгелеген мыйзам долбооруна терс корутунду бергени белгилүү болду. 

Эске салсак, 2024-жылы гимназия жана лицей макамдары жоюлуп, бардык мектептер бирдей болуп калган. 

Депутат Аида Исатбек кызы МинКаб эмне үчүн бул мыйзам долбоорго каршы чыгып жатканына кызыкты. Ошондой эле, мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлерди каржылоо кандай болгонун сурады. 

“Бардык балдар бирдей билим алуусу үчүн гимназия, лицей статустары жоюлган”, – деди анда агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев. 

Баймурзаевдин айтымында, өлкөдө 130 мектеп-гимназия (3 474 класс) жана 33 мектеп-лицей (416 класс) болгон, аларга 941 миллион сом бөлүнүп келген.  

Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорун депутаттар колдоп бергени менен Президенттик администрациясы вето коюшу мүмкүндүгүн белгиледи. 

Мухтарбек Баймурзаев 12 жылдык билим берүүнүн алкагында профилдик билим берүү каралганын билдирди. 

Эске салсак, жакында агартуу министри Догдургүл Кендирбаева министрлик мектептерге гимназия жана лицей статустарын кайтара турганын билдирген болчу.