Депутат: Мектеп психологу балдарды жаман жүрүм-турумдан сактамак, бирок алар жетишсиз
22 сентябрь

Депутат: Мектеп психологу балдарды жаман жүрүм-турумдан сактамак, бирок алар жетишсиз

Депутат Элдар Абакиров мектептерде психолог адистери жетишсиз экенин дагы бир жолу белгиледи. 

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында псевдопсихологдорго тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралды. 
Абакировдун айтымында, бул маселенин эки жагы бар. 

“Мисалы, мага Асанова Сумая деген 14 жылдан бери психолог болуп иштеген жарандар кайрылуу келди. Ал айтып жатат, бир мамлекеттик мектепте, 3 миң-4 миң окуучуга болгону бир психолог иштейт экен. А эл аралык стандарт боюнча ар бир 300 окуучуга бир психолог адиси керек. Агартуу министрлиги бизге жакында 537 мектепте психолог жоктугун айткан. Чоң мектептерде деле психолог жетишсиз, болгону бирөө”, – деди ал. 

Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, Бишкекте мектептерде 120 туруктуу штат менен психологдор иштеп жатышат. Бирок мында окуучулардын саны каралган эмес, бир мектепке – бир психолог принциби менен ишке ашкан. Бирок ал белгилегендей, калган мектептерге да психолог штаттарын кеңейтүү каралып жатат. 

“Интернеттен жүрөк түшүргөн жаңылыктарды окуйбуз. Мен ойлойм, айылдагы мектептер чакан, аларга 1 психолог жетет, ал эми шаарларда ар бир мектепте 3-4 адис иш алып барышы керек. Анткени, алар балдардын баскан-турганынан эле байкап, сүйлөшүү жүргүзүп, бүгүн биз окуп жаткан тири укмуштай жаңылыктарды болтурбай, алдын алат. Балдарыбызды соцтармактардын таасиринен коргойбуз”, – деди Абакиров. 

Баймурзаев мыйзам долбоорунун билими, диплому бар психологдорго зыяны тийбей турганын, бул псевдопсихологдордон жарандарды коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.